Бишкекте Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, борбордук канализация куурлары тартылып жаткандыктан, Бакаевдин Алтымышевден Кочкор көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган.
«Жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз», — деп айтылат маалыматта.