
Жалал-Абаддагы Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында 57 млн. сомго төрөт үй курулду. Ал 50 орунга ылайыкталган. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, төрөт үйдүн курулушуна Кочкор-Ата шаарынын бюджетинен 37 млн. сом жана Каржы министрлигинен 20 млн. сом бөлүнгөн.
Курулуш иштери 2021-жылы башталып, аны Ноокен районунун өнүктүрүү фонду ишке ашырды. Бүгүнкү күндө курулуш бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.