Ош облусунда жана шаарында болгон каракчылык фактылары боюнча кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган кылмыштуу топ Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынан турат. Алар быйыл январь айында Кара-Сууда болгон куралдуу карактоого аракет жасоого жана апрель айында акча алмаштыруу жайдан 3,6 млн сомдун каракталышына шектелүүдө. Андан тышкары алардын башка да кылмыштарга тиешеси бар экени белгилүү. Кармалгандардын арасында өтө оор кылмыштарды жасаган адамдар бар.
«Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагындагы акыркы мезгилдеги катталган каракчылык фактыларынын баары ачылды. Анын ичинде каракталган 3.6 млн. сом фактысы жана Кара-Суу районунун аймагында болгон куралдуу карактоого аракет жасоо дагы фактысы бар. Бир нече адамдан турган куралдуу топ кармалды, далил буюмдар алынды», — деп билдиришти милициядан.
Милициядан белгилешкендей, каракчылык фактысы боюнча кармалган кылмыштуу топ тууралуу толук маалымат кийинчерээк берилет.
«Азыр кылмыштуу топтогу адамдар кайсыл жерден, кантип кармалганы, кимдин кандай ролу болгону тууралуу маалымат даярдалып жатат. Андан тышкары, азыр кармалган адамдардын бир тобу Жалал-Абаддан алынып келе жатат. Алар суракка алынгандан кийин толук маалымат берилет. Бул топтогу адамдардын дагы бир оор кылмышы бар. Алар кызы менен жигитти сабап, телефондорун тартып алган. Жигитти сабап, кызды зордуктаган», — деп билдиришти милициядан.