Таласта “Альянс Алтын” компаниясы Улуттук Олимпиада комитети менен биргеликте күрөш килемдерин тапшырды

Талас облусундагы күрөш залдарына “Альянс Алтын” компаниясы Улуттук Олимпиада комитети менен биргеликте күрөш килемдерин (мат) тапшырып берди. Бул тууралуу компаниянын коомчулук менен байланыш бөлумүнүн башчысы Сарчаев Кынатбек билдирди. “Альянс Алтын” компаниясы КРнын Улуттук Олимпиада комитети менен келишим түзгөн.

Ал келишимдин негизинде Талас облусундагы спорттук иш чараларга, спорт имараттарынын оңдоо иштерине, спортчуларга демөөрчүлүк кылып келебиз. Бул ирет облустагы төрт райондун бирден күрөш залына олимпиадалык стандарттагы маттарды алып бердик. Биз ишенебиз биздин жаш спортчулар келечекте жакшы жетишкендиктерге жетээрине”, – деди ал.


КРнын Улуттук Олимпиада комитетинин өкүлү Марат Аскарбеков компаниянын мындай колдоосу Талас облусундагы жаш муундун спорт менен жакын болушуна жакшы жардам болгонун баса белгилеп, колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле машыктыруучулар менен курөш залындагы жаш спортчулар жаңы күрөш килемдеринин келгендерине кубанчта. Алардын бири Кууганды айыл аймагындагы курөш залынын машыктыруучусу Кылычбек Курманалиев буга чейинки курөш килемдери эскилиги жетип калганда, жаңы килемдердин келиши алар үчүн чоң жардам болгонун айтты.


Күрөш килемдери тапшырылган ар бир залда 100гө жакын жаш спортчулар тарбияланып келишет. Алардын айрымдары өспүрүмдөр арасында Республиканын чемпиондору.

496b3507 3f04 4fb0 9d3c c0730c0863b4 Таласта “Альянс Алтын” компаниясы Улуттук Олимпиада комитети менен биргеликте күрөш килемдерин тапшырды
f25dc4cb 2377 4cf1 8326 b7e5fd63848d Таласта “Альянс Алтын” компаниясы Улуттук Олимпиада комитети менен биргеликте күрөш килемдерин тапшырды
d9c31fba 05dc 4544 8e7c 93a5c37d9fc4 Таласта “Альянс Алтын” компаниясы Улуттук Олимпиада комитети менен биргеликте күрөш килемдерин тапшырды
76e9c106 a1b0 4996 98de 1d7f5f23e58c Таласта “Альянс Алтын” компаниясы Улуттук Олимпиада комитети менен биргеликте күрөш килемдерин тапшырды
d1afbf26 b60c 43ee 9a96 4280668373be Таласта “Альянс Алтын” компаниясы Улуттук Олимпиада комитети менен биргеликте күрөш килемдерин тапшырды