БШК мүчөсүнүн иши боюнча Жогорку сот өкүм чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимовго карата Жогорку соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.

Белгилей кетсек, Эшимов 2021-жылы сентябрда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип УКМК тарабынан кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, арыз жазган А.Д. аттуу жаран Эшимов 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын алдыңкы бешинчи тизмесине киргизүү үчүн 550 миң доллар алганын билдирген. Бирок убада аткарылган эмес жана Эшимов ага 300 миң долларды кайтарып, калган 250 миң долларды бербей койгон.

Жогорку соттон билдиришкендей, аталган иш алгач Биринчи май райондук сотунда каралып, былтыр 28-апрелде сот Эшимовду күнөөсүз деп тапкан.

Кийинчерээк, 26-октябрда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн жокко чыгарган. Шаардык сот Эшимовду Кылмыш кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (2017-жылдагы редакция) боюнча күнөөлүү деп таап 5 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда камактагы жазадан бошотуп, 3 жылдык пробация белгилеген.

Аталган иш быйыл 12-апрелде Жогорку сотто каралып, шаардык соттун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.