
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Баш мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чарага ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Конституциялык соттун төрагасы Эмилбек Өскөнбаев, депутаттар жана коомдук ишмерлер катышты.

♦Белгилей кетсек, демократиялык жана укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө негиз салган эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясы мындан туура 30 жыл мурун, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган.
