Govori TV агенттигинин журналисти сот кызматкерлерине каршы милицияга арыз жазды

Аталган агенттиктин журналисти өзүнө карата күч колдонуу менен Бишкек шаардык сотунун имаратынан сүйрөп чыгарып салган сот кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазды.

Журналист арызды Бишкектин Биринчи май РИИБге жазып, окуя учурунда тартылган видеону арызга тиркеген.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-майда Govori TV агенттигинин кабарчысы Гулназ Мидин кызы Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын сотуна даярданып, жабдыктарын орнотуп жаткан учурда аны сот залындагы тартип сакчылары күч колдонуп, эч себепсиз эшикке чыгарып салышкан.

Ал белгилегендей сот отуруму али баштала элек болчу.

Ал эми сот аткаруучулардын айтымында, журналист конвойлорго жолтоо болуп, өзүнүн жеке буюмдарын коюп, соттун кызматкерлеринин ишине тоскоол жараткан. Мындан улам соттун кызматкерлери аны ылдый түшүрүүгө мажбур болушкан.

Окуядан соң ал сот аткаруучуларга карата чара көрүү арыз менен сот департаментине кайрылган.

Мекемеден кызматтык иликтөө болорун кабарлашкан.

izobrazhenie 2023 05 02 150302877 1024x723 1 Govori TV агенттигинин журналисти сот кызматкерлерине каршы милицияга арыз жазды