Бакай-Ата РИИБде көчмө кабылдама уурулуктун алдын алууда

Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Бакай-Ата РИИБдин кызматкерлери көчмө кабылдама менен райондун тургундары арасында ​ мал уурулуктун алдын алууда ​ жана ​ юридикалык жардам көрсөтүүдө.
Бакай-Ата РИИБдин кызматкерлери ​ ​ райондун айыл аймактарында жана мекемелерде ишмердүүлүгүн көрсөтүүдө. Учурда мал ээлери арасында түшүндүрүү иштерин алып барууда. Өзөндөрдө жашаган сарай ээлеринин чабандарын текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Ветеринардык кызмат, айыл өкмөт менен биргеликте малдарга чип тагуу тийиштүү чараларды көрүү тууралуу эскертүүлөрдү берүүдө.

Көчмө кабылдама 2023-жылдын башынан баштап 84 жолу аймактарга чыгуу жасап, 26 жарандардын ар кандай кайрылууларын кабыл алган.​ Көчмө кабылдама элди кабыл алуу менен чектелбестен, мектептерде жана кесиптик лицейлерде​ балдар арасында кылмыштын алдын алуу максатында 220 жолу профилактикалык лекциялар өтүлгөн. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо ​ боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп 3 айдын ичинде 382 жолу эл менен жолугушуу өткөрүлгөн. ​ ​ ​ ​ ​

WhatsApp Image 2023 05 01 at 14.21.22 1 Бакай-Ата РИИБде көчмө кабылдама уурулуктун алдын алууда
WhatsApp Image 2023 05 01 at 14.21.23 Бакай-Ата РИИБде көчмө кабылдама уурулуктун алдын алууда
ef5218a4 8b40 4a15 8a2f 1ee20dc523ea Бакай-Ата РИИБде көчмө кабылдама уурулуктун алдын алууда