2010-жылдагы июнь окуясы боюнча издөөдө жүргөн Караматхан Абдуллаева кармалды

2010-жылдын июнь айындагы Ош коогалаңын уюштуруучулардын бири катары издөөдө жүргөн Караматхан Абдуллаева кармалды. Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Ош шаардык милициясынын маалыматы боюнча, Абдуллаева 2014-жылы сырттан 16 жылга соттолуп, издөөдө жүргөн. Шектүүнүн үстүнөн кайсы берене менен иш козголгону тууралуу азырынча белгисиз. Милициядан толугураак маалымат кийинчерээк берилерин билдиришти.

Караматхан Абдуллаева 72 жашта. Ал 2010-жылга чейин Оштогу өзбектердин улуттук-маданий борборунун жооптуу катчысы болуп иштеген.

2021-жылы 2-апрелде президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетине июнь окуяларына байланышкан материалдарды изилдеп чыгуу тапшырмасын берген. Кылмыштын алкагында 20дай саясатчы суракка алынган.