Бишкекте эки адам бирөөнүн унаасын 37 миң долларга сатып жиберген

Бишкектин эки тургуну башка бирөөнүн унаасын менчиктеп алып, аны 37 миң долларга сатып жиберишкен. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 15-апрелинде К.Э. аттуу жаран А жана А. аттуу жарандарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Алар 2023-жылдын 25-февралында 37 миң долларга бааланган «Тойота Хайландер» үлгүсүндөгү унаасын алып, акчасын бөлүп-бөлүп беребиз деп убада кылышкан. Бирок алар убадасын аткарбай, унааны үчүнчү жактарга сатып, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1981-жылы туулган Б.А. жана 1985-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалган.

Кармалгандардын бири соттун чечими менен эки айга СИЗО-1ге киргизилсе, экинчисине баш коргоо чарасы – эки айга үй камагына алуу белгиленген.

2023 04 22 19 07 52 412896 Бишкекте эки адам бирөөнүн унаасын 37 миң долларга сатып жиберген
2023 04 22 19 07 51 786437 Бишкекте эки адам бирөөнүн унаасын 37 миң долларга сатып жиберген