
Бишкектин эки тургуну башка бирөөнүн унаасын менчиктеп алып, аны 37 миң долларга сатып жиберишкен. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 15-апрелинде К.Э. аттуу жаран А жана А. аттуу жарандарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Алар 2023-жылдын 25-февралында 37 миң долларга бааланган «Тойота Хайландер» үлгүсүндөгү унаасын алып, акчасын бөлүп-бөлүп беребиз деп убада кылышкан. Бирок алар убадасын аткарбай, унааны үчүнчү жактарга сатып, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1981-жылы туулган Б.А. жана 1985-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалган.
Кармалгандардын бири соттун чечими менен эки айга СИЗО-1ге киргизилсе, экинчисине баш коргоо чарасы – эки айга үй камагына алуу белгиленген.

