Балыкчыда турак үй өрттөндү

Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 22-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Зарылбек Шарипов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 17:52де түшкөн.

Тилсиз жоонун кесепетинен барак үлгүсүндөгү үйдүн жалпы шыбы, чатыры, кире бериш бөлмөсү болуп жалпы 300метр2 аянты өрттөнгөн.
Өрт кырсыгы адам өмүрүнө коркунуч жараткан эмес.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.