Өзгөндө турак үй толугу менен күйүп кетти

Өзгөн шаарындагы турак үй толук күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу маалымат түшкөндөн аны өчүрүүгө эртең мененки саат 9:48де Өзгөн райондук №53 өрткө каршы бөлүктөн 1, буга кошумча саат 10:04тө №103 өрткө каршы бөлүктөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Жеринде жалпысынан 2 күжүрмөн эсеп иштеди.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен тилсиз жоо саат 11:10до курчоого алынып, саат 13: 53тө өрт өчүрүлгөн.

Учурда техногендик кырсыктын келип чыгуусу, материалдык чыгымдарын тактоо иштери жүргүзүлүүдө.