Нурланбек Шакиев: “дүйнөдө болгону 5 миллион адам кыргызча сүйлөйт”

Бул туурасында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “Российская газета” басылмасына берген маегинде билдирди.

Ал орус тилин басынтуу же кысымга алуу сыяктуу ниеттин жок экенин белгиледи.

“Орус тилинин расмий макамы Конституциябызда бекитилген жана аны өзгөртүү ниетибиз жок. Кыргызстанда орус тилдүү билим берүү мекемелери жана чыгармачыл жамааттар көп. Аларды эч ким кодулабайт. Тескерисинче, андай уюмдар күн санап көбөйүп жатат, башка постсоветтик өлкөлөрдө да ушундай деп айта албайсың. Маселе башкада”, — деди Шакиев.

Спикер өз өлкөсүнүн патриоту катары кыргыз тилинин ролун жогорулатууну жактай турганын белгилеп, анын себебин да түшүндүрдү.

“Мисалы, дүйнөдө 300 миллионго чукул адам орус тилинде сүйлөйт. Бул тилди сактоого жана өнүктүрүүгө жакшы база болуп берет. Орус тили — БУУнун алты жумушчу тилинин бири, эл аралык уюмдарда активдүү колдонулат. Ал эми дүйнөдө болгону 5 миллион адам кыргызча сүйлөйт. Эгер тилибиз жоголсо, 10-20 жылдан кийин элибиз да, маданиятыбыз да жоголот. Дал ушул үчүн биздин тилибиз коргоого, колдоого жана өнүктүрүүгө муктаж. Өлкөбүздө башка тилдердин өнүгүшүн дагы колдойбуз, бирок мамлекеттик тил биринчи орунда турушу керек”, — деди төрага.

Ошондой эле ал жасалып жаткан иштерди орус же башка тилдерге каршы коюу туура эместигин белгиледи.