
Президенттик аппараттын алдындагы Мамлекеттик курулуштар департаменти Бишкекке кофекана курууга сынак жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун сайтында маалымдалат.
Маалыматка караганда, кызыкдар тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн «Жеңил металл конструкцияларынан кофекана куруу» долбооруна сынакка катыша алат.
«Имарат Бишкек шаарындагы Манас проспекти, 28 дарегинде жайгашкан. Арыздар 2023-жылдын 14-майына чейин кабыл алынат»,-деп жазылат маалыматта.