Талас районунун Пробация органы тарабынан издөө жарыяланган жаран Бишкектен кармалды

Бул туурасында Талас ОИИБи басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Талас районунун Пробация органы тарабынан издөө жарыяланган. Анда Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын 1989-жылы туулган Б. Б аттуу жаран кылмыш жаза кодексинин 88-беренесине ылайык айыпталган.

Бирок, пробация көзөмөлгө алуу үчүн шарттуу бошонуп сотунун өкүмүн бузуп, пробация органына каттого келбей жүргөндүгүн билдирген. Бул иш боюнча Талас райондук соту тарабынан токтом чыгарылып, анын негизинде ыкчам издөө жарыяланган. Талас РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иш алып баруунун негизинде 16-апрель күнү ал Бишкек шаарынын аймагында изин жашырып жүргөн жеринен кармалган. 17-апрель күнү алынып келинип, Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, – деп айтылат облустук басма сөз кызматынын маалыматында.
.