Күзөт кызматынын өздүк курам арасында самбо күрөшү боюнча спорттук мелдеш өттү

2023-жылдын 12-13-апрелинде КРдин ИИМдин күрөш залында, милициянын ага сержанты Кубанычбек Маанаев жана милициянын старшинасы Алтынбек Абдылдаевдин жаркын элестерине арналган “Самбо” күрөшү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул туурасында ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага республиканын бардык аймактарынан спортчулар келип, жалпысынан 11 курама команда катышты.

Командалык биринчиликтеги эки күндүк мелдештин жыйынтыгында КРдин ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Свердлов райондук Күзөт бөлүмүн командасы негизги кубокту жана 6000 сом акчалай сыйлыкты утуп алышты. Экинчи орунда Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун командасы 5000 сом акчалай сыйлык, үчүнчү орунда Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Ленин райондук Күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери 4000 сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Турнирдин жабылыш аземинде спортчуларды мелдештин ийгиликтүү аякташы менен ИИМдин Күзөт кызматынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков куттуктады. Ал баарына ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалап, келечекте укук коргоо органдарынын спортчулары башка чемпионаттарда жана мелдештерде дагы жогорку көрсөткүчтөргө жетишет деген ишенимин билдирди.

71b1bb55 ae1d 493b 9f25 6b813c7d21f8 Күзөт кызматынын өздүк курам арасында самбо күрөшү боюнча спорттук мелдеш өттү


5e5aefa7 4e45 498a 96e7 8e52ee57f8c7 Күзөт кызматынын өздүк курам арасында самбо күрөшү боюнча спорттук мелдеш өттү