
Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков (57 кг) Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты.
Ал бүгүн, 13-апрелде таймашка чыкты. Биринчи кармашында пакистандык атаандашы беттешке чыкпагандыктан, жеңиш ага ыйгарылды. Ал эми чейрек финалда казакстандык балбан Рахат Калжанды 4:2 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда Сманбеков монголиялык Занабазар Занданбудду 8:6 эсебинде утуп алды.
Алтын үчүн беттеште ал индиялык Аман Аман менен күч сынашат.