Москвада өткөн кармашып урушуу боюнча Дүйнө кубогунда майор Ринат Байшериев үчүнчү орунду ээледи

Ушул жылдын 7-9-апрель күндөрү Москва шаарындагы Ирина Винер-Усманованын Гимнастика сарайында “Достук кубогу-2023” кармашып урушуу боюнча дүйнөлүк кубогунун этабы болуп өттү. Бул туурасында ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди.
Бул спорттук иш-чара Москвада экинчи жолу өткөрүлүп, мелдешке 21 өлкөдөн 300дөн ашык спортчу катышкан. Ага Кыргызстандан дагы спортчулар барган. Алардын бири ИИМдин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн командири майор Ринат Байшериев. Дүйнө кубогунда Кыргыз Республикасынын желегин татыктуу көтөрүп, дүйнө элинин алдында күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн жана эрктүүлүгүн жогорку деңгээлде көрсөткөн майор Ринат Байшериев 95, 95+ кг салмак категориясында күч сынашып, 3-орунду багындырып кайтты.
Белгилей кетсек, Ринат Байшериев кармашып урушуу боюнча дүйнөлүк кубокко экинчи жолу катышып, анда да байгелүү орунду ээлеген.

772264ff c70c 420a b9ea 6df917af0a80 Москвада өткөн кармашып урушуу боюнча Дүйнө кубогунда майор Ринат Байшериев үчүнчү орунду ээледи
018b3dac 139d 48e0 a4b3 b0b24a662934 Москвада өткөн кармашып урушуу боюнча Дүйнө кубогунда майор Ринат Байшериев үчүнчү орунду ээледи
400708c4 c101 4cc6 b546 e2d6b437e7b0 Москвада өткөн кармашып урушуу боюнча Дүйнө кубогунда майор Ринат Байшериев үчүнчү орунду ээледи