Ушул жылдын 7-9-апрель күндөрү Москва шаарындагы Ирина Винер-Усманованын Гимнастика сарайында “Достук кубогу-2023” кармашып урушуу боюнча дүйнөлүк кубогунун этабы болуп өттү. Бул туурасында ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди.
Бул спорттук иш-чара Москвада экинчи жолу өткөрүлүп, мелдешке 21 өлкөдөн 300дөн ашык спортчу катышкан. Ага Кыргызстандан дагы спортчулар барган. Алардын бири ИИМдин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн командири майор Ринат Байшериев. Дүйнө кубогунда Кыргыз Республикасынын желегин татыктуу көтөрүп, дүйнө элинин алдында күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн жана эрктүүлүгүн жогорку деңгээлде көрсөткөн майор Ринат Байшериев 95, 95+ кг салмак категориясында күч сынашып, 3-орунду багындырып кайтты.
Белгилей кетсек, Ринат Байшериев кармашып урушуу боюнча дүйнөлүк кубокко экинчи жолу катышып, анда да байгелүү орунду ээлеген.
Home Окуялар тизмеги Москвада өткөн кармашып урушуу боюнча Дүйнө кубогунда майор Ринат Байшериев үчүнчү орунду...