Мээрим Жуманазарова жаракат алды

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия биринчилигинде бүгүн 50, 55, 59, 68, 76 кг салмактагы балбан кыздардын беттештери өтүп жатат.

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн казакстандык  Елена Шалыгина менен күрөшүп жатып, жаракат алгандыгына байланыштуу беттеш токтотулду.

Маалыматка ылайык, Жуманазарова мурдунан жаракат алган.