Нью-Йорк мэри элдин алдына кыргыз чапанын кийип чыкты

Нью-Йорк шаарынын Мэри Эрик Адамс Бруклиндеги коомдук иш-чарага катышып, элдин алдына кыргыз чапанын кийип чыккан. Бул тууралуу өзүнүн фейсбук баракчасына ишкер Жодар Сайдилкан жазды.

Анын айтымында, Нью-Йорк мэри кыргызстандык чебер Жумагул Сариева жараткан бренд чапанын кийген.

«Буга чейин Жумагул эженин ушундай чапандарды кыргыздын жээни дүйнөлүк алдыңкы скрипка чебери Даниил Лозакович жана Бириккен Араб Эмирликтеринин негиздөөчүсү Шейх Зайдтин анын атын алып жүргөн небересине белек кылганын көргөм.

Жумагул эже чеберчилигиңиз менен кыргызды дүйнөгө таанытууну улантыңыз, Чапансар дүйнөлүк атактуу брендге айлансын!», — деп жазат ал.

7ec5b1e5 03a3 4c15 8fb8 010f3c9bf996 Нью-Йорк мэри элдин алдына кыргыз чапанын кийип чыкты