Камчыбек Ташиев чатырда жашап жаткан үй-бүлөгө үй салып берет

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чатырда жашап жаткан үй-бүлөгө там куруп берет. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов билдирди.

Буга чейин Вulak.kg редакциясы Чүй облусунун Октябрь айылында Айзада Абдуллаева аттуу 5 балалуу эне үй жайы жок болгондуктан бирөөнүн короосуна чатыр тигип жашап жатканы тууралуу маалымат жарыялаган. Жергиликтүүлөр жалгыз бой көп балалуу энеге жардам берүүнү суранышкан.

“Камчыбек Ташиев аталган айылга барып, Айзада Абдуллаева менен жолукту. Эми тез арада Айзада Абдуллаевага аталган айылдан жер тилкеси бөлүнөт жана Камчыбек Ташиев тарабынан турак үй курулуп берилет”, – деп жазды Рахманов.

340027035 775087610478040 462305095233746117 n Камчыбек Ташиев чатырда жашап жаткан үй-бүлөгө үй салып берет