Таш-Көмүр шаарында 3 кг “гашиш” баңгизатын сатууга аракеттенген жергиликтүү тургундар кармалды

ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлагандай, Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын узак мөөнөттүү атайын операциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагына баңги каражаттарынын оор түрлөрүн жеткирүү каналын уюштурган трансулуттук баңги тобунун ишине бөгөт коюлду.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө “гашиш” баңгизаттарын сатууга аракет кылган учурда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жашаган 1955-ж.т. А.К. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалган.
Контролдук таразалоодо алынган заттын таңгакталган түрүндө салмагы 2 кг 935 гр түзгөн.
Тергөө учурунда кармалган жаран 2009-жылы Өзбекстан укук коргоо органдары тарабынан баңгизатка байланышкан кылмыштарды жасагандыгы үчүн камалып, 2017-жылы бошотулган. Мындан тышкары, ал күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери болуп иштеп кеткен.
Мындан аркы аркы издөө иш-чараларын жүргүзүүдө баңги тобунун башка мүчөлөрү аныкталып, алардын бири Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жашаган А.С. жараны аныкталып, кармалган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду”
, -деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо жана кармоо боюнча мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

950f84f8 4bdd 40e7 a9f3 d88d473b44b0 Таш-Көмүр шаарында 3 кг “гашиш” баңгизатын сатууга аракеттенген жергиликтүү тургундар кармалды
197f55d6 cb79 4d71 bd7b 07e3988e73e3 Таш-Көмүр шаарында 3 кг “гашиш” баңгизатын сатууга аракеттенген жергиликтүү тургундар кармалды
YouTube video