Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматта, 2023-жылдын 23-март күнү түнкү саат 02:00 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын 37 жаштагы тургунун 8 жашар жылкысы байланып турган жеринен бошонуп кетип, коңшулаш Тажикстан РеспубликасынынСогди облусунун Исфара районунун Лаккан айыл аймагына кирип кеткен.
“Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсү менен Согди облусунун Исфара РИИБдин милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 2023-жылдын 6-апрель күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен жылкысы кайтарылып, өз ээсине тапшырылды”, – деп айтылат маалыматта.
Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпестикти жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган.

