
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Алма-Ата көчөсү менен айланма унаа жолунун кесилишинде унаа оңдоочу жайдан өрт чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жерине 2 күжүрмөн эсеп тартылып, жалын саат 13:26да толугу менен өчүрүлгөн.
Жабыркагандар жок, учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.