
Тагаев Мураталы борбор калаанын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
“Аким “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине, КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.
Мураталы Тагаев бүгүн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулган. Аталган кызматты ал 2022-жылдын мартынан бери аркалап келген.