УКМК: Жасалма паспорт алууга аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды

УКМК органдары тарабынан ЭТУга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Өзбекстан Республикасынын жараны Х.А.Х кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

“Ал “И.М.” ЭТУнун эмиссарларынын жардамы менен КР жаранынын жасалма паспортун алып, САРдын согуштук зонасы чыгууга аракет кылган.
Аталган Өзбекстан Республикасынын жараны ЭТУ/ДЭУга тиешеси бар экендиги үчүн Өзбекстан Республикасынын аймагында издөөдө жүргөнү аныкталды”, – деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2023 03 30 at 17.57.36 УКМК: Жасалма паспорт алууга аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды