Казакстандын парламенти Алихан Смаиловду кайрадан премьер-министр кылып шайлады

Бүгүн, 30-мартта Казакстандын парламенти Алихан Смаиловду кайрадан премьер-министр кылып шайлады. Бул тууралуу казак басылмалары билдирди.

Маалым болгондой, Смаиловдун талапкерлигин 82 депутат колдоп, 7 депутат каршы добуш берген.

Ошондой эле бүгүн президент Касым-Жомарт Токаев Алихан Смаиловду кайрадан премьер-министр кылып дайындады.