
Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда атасы өзүнүн 19 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кармалды. Маалыматты Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Билдирүүдө айтылгандай, райондук милицияга 2004-жылы туулган кыз арыз менен кайрылып, 2022-жылдын сентябрь айынын аягында үйүндө атасы 1980-жылы туулган Н.К. зордуктап койгондугун билдирген.
Бул факты Сузак РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине «зордуктоо» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Окуяга шектүү катары Сузак районунун тургуну 1980-жылы туулган Н.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.