“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасын президенттин кудасы Турусбек Түмөнбаев жетектеп жатат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын расмий сайтында көрсөтүлгөн.
Түмөнбаевдин кызматка келгенин муниципалитет расмий түрдө жарыялаган эмес.
Эскерте кетсек, Турусбек Түмөнбаев 2021-жылдын 21-октябрында Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси болуп дайындалып, бирок кийин жарым миллиард сомдук тендер жаңжалынан кийин кызматтан алынган.
![image 31 “Бишкекасфальтсервис” ишканасын президенттин кудасы Турусбек Түмөнбаев жетектөөдө](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/03/image-31.jpg)