“12 омурткасы сынган”: Бишкекте майыптыгы бар адамды каналга кулатып жиберген шектүү кармалды

Бишкек шаарында майып адамды өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-мартта Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын “102” кызматына №4 ооруканада 1988-жылы туулган Д.М. аттуу жаран каза болгону боюнча маалымат түшкөн. Ал ооруканага 11-12 омурткасы сынган абалда түшкөн.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу дароо чакыруу болгон жерге жөнөп кетишкен.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери маркум ушул жылдын 21-мартында Рыскулов жана Заводской поселок көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарыянын каналынан майыптык арабада табылганын аныкташкан.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИБдин жана Ленин РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү — 1983-жылы туулган С.Ы., кармалып, тергөө кызматына алынып келинген. Ал  Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, бардык керектүү экспертизалар дайындалды.