
Ош – Баткен – Раззаков унаа жолу кеңейтилүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы билдирет.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери Ноокат районунда аталган унаа жолдун 40,3 — 46,9-чакырымдарында жүрүүдө.
“Учурда жолдун аталган бөлүгү бак-дарактардан тазаланып, кеңейтилип, асфальттын эски катмары сыйрылып, шагыл төгүлүп, тегизделип, жаңы асфальт төшөө үчүн даярдалып жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.