Абдрахманов көчөсүндө троллейбустар токтоду

Бул тууралуу күбөлөр соцтармак аркылуу кабарлашууда.

Маалыматка ылайык, Абдрахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишкен аймактагы аялдамасында жерде бир нече троллейбустар токтоп турат.

Ал эми мэриянын басма сөз кызматы, бул тууралуу маалымат таратып, Абдрахманов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус линиясы үзүлгөндүгүнө байланыштуу, айрым троллейбустар убактылуу каттамын токтотуп турганын билдирди.

Кошумчалангандай, учурда эки авариялык бригада оңдоо-иштерин жүргүзүүдө.