Бажы кызматкерлери декларацияланбаган эл керектөөчү товарларды аныкташты

«Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери декларацияланбаган эл керектөөчү товарларды аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Оперативдүү» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууда, Түштүк-Батыш бажысынын «Мегалогистик» БТЖсында, товарларды жалган декларациялоо фактысын аныктаган.

«Merсеdes-Benz» унаасында “Т.М.” ЖЧК алуучунун дарегине Түркиядан эл керектөөчү товарлар алынып келинген, бирок текшерүү учурунда декларацияланбаган кийим-кече жана бут кийимдер  товарлар табылган.

Аталган маселе чечилгенге чейин унаа товары менен «А.Т.» убактылуу сактоочу кампасынын аймагына коюлган.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргызстандын Транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.