Садыр Жапаров Анкарага «Embraer» үлгүсүндөгү учак менен барды

Президент Садыр Жапаров Анкарага «Embraer» үлгүсүндөгү учак менен барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

  • «Бүгүнкү күндө учакты лизингге каттоо жол-жобосу толук бүтө элек. Андыктан компания ээси менен макулдашуу боюнча кыргыз тарап авиа отунга гана чыгымды көтөрдү. Делегация «Embraer» үлгүсүндөгү учак менен барды. Сыноо мөөнөтү уланууда, ал бүткөндөн кийин ылайыктуу учакты лизингге алабыз»,-деди Султанбаев.

Учурда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Анкара шаарында жүрөт. Анын алкагында Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын кезексиз саммитинин жыйынына катышат.