Кадамжайда 5 жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Бул тууралуу Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-март күнү түнкү саат 21:45  чамасында аталган райондун Кызыл-Булак айылында белгисиз айдоочу автоунаасы менен 2017-жылы туулган А.Н. аттуу баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Натыйжада А.Н. денесинен жаарат алып, Кадамжайдагы оорукананын сыныктар бөлүмүнө кайрылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында, изин жашырып, белгисиз тарапка качып кеткен айдоочу, 1953- жылы туулган М.Н. өзүнүн “Дэу-Нексия” үлгүсүндөгү автоунаасын Кызыл-Булак айылындагы үйлөрдүн биринде жашырып койгон жеринен кармалган.

Айдоочу тергөө кызматына жеткирилип, автоунаа убактылуу айып короого токтотулган. Учурда бул факты иликтенип жатат.