
Бүгүн, 14-мартта Бишкек шаарынын Насердин Исанов көчөсүнүн бөлүгү «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан даярдалган иштерге байланыштуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинен билдиришти. Маалыматка караганда, участокко тиешелүү жол белгилери орнотулуп, белгилер түшүрүлөт.
Белгилей кетсек, 15-марттан тарта Исанов көчөсүнүн түштүк тарабында Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө бир тараптуу кыймыл уюштурулат.
Ушул себептен 15-марттан баштап, «Ника плюс» ЖЧКсына таандык №195 кичиавтобусунун кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлөт жана кыймыл Бөкөнбаев көчөсү боюнча батышты көздөй Турусбеков көчөсүнө чейин Токтогул көчөсүнө оң бурулуш менен жана андан ары мурдагы кыймыл чиймеси боюнча жүргүзүлөт.
Бул чаралар көчө-жол тармагын жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу, кырсыктарды азайтуу, тыгындар проблемаларын чечүү, жол инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча иш-чараларды өткөрүү жана Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында коомдук транспортту жана жол инфратүзүмүн өнүктүрүүнүн башка маселелерин чечүү максатында жүргүзүлүүдө.