Бүгүн Бишкектин бир катар жеринде жарык өчөт

Бүгүн, 11-мартта, Бишкектин айрым жерлеринде электр энергиясы өчөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

9:00-17:00 — 8-кичи райондо (№ 19 үй), Литовский, Кийизбаева, Менделеев, Малдыбаев, Набережный, Кремлевский, Тыныстанов, Ахунбаев, Турусбеков, Абдумомунов, Пушкин, Табышалиев, Рыскулов көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Манас (эски аэропорт) проспектисинде, Таймырский жана Карск туюк көчөсүндө;

9:30-14:00 — Күрөңкеев, Баялинов, Малиновый, Федоров көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Эркиндик проспектисинде;

9:30-15:00 — Дачный, Древесная, Осмонкул, Чүй, Абдыкадыров көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Арал туюк көчөсүндө;

9:30-17:00 — Красный Строитель конушунда, Тоголок Молдо жана Пржевальский көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө.