Президент Жапаров Кыргызстанда ЖККУ машыгуулары өтөрүн билдирди

Быйыл Кыргызстанда ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулгус боордоштук-2023» машыгууларын өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен болгон жолугушууда билдирди.

Жолугушууда аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо маселелери, ошондой эле, уюмдун алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болгон.

Жапаров белгилегендей, аймактагы коопсуздуктун гаранты болгон ЖККУнун алкагында кызматташууга Кыргызстан өзгөчө маани берет. Аскердик, маалыматтык жана гуманитардык мүнөздөгү чараларды координациялоо максатында Кыргызстан өз аймагында үстүбүздөгү жылы ЖККУнун Тынчтык орнотуучу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулгус боордоштук-2023» машыгууларын өткөрүүнү пландаштырууда.

«Белгилүү болгондой, куралдуу конфликттерде согуштук жана диверсиялык тажрыйбасы бар эл аралык террористтер ар кайсы мамлекеттерде көчүп-конуп, террористтик актыларды ишке ашыруу үчүн жарандарды жалдап жаткан коркунуч сакталууда. Буга биздин өлкөлөр да кабылып жатат. Буга байланыштуу мүмкүн болгон деструктивдик көрүнүштөргө өз убагында чара көрүү жана алдын алуу боюнча тиешелүү иштерди күчөтүү зарыл. Өз кезегинде Кыргызстан өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрүп жатат», — деди президент.

Буга байланыштуу Жапаров ЖККУнун ШКУ, КМШ, БУУ жана башка эл аралык уюмдар менен өнөктөштүк өз ара аракеттерди өнүктүрүү зарылдыгын айткан.