Абакта шектүү өз жанын кыюуга аракет жасады

Ош шаарында жайгашкан СИЗО-5те өзүн-өзү өлтүрүү аракетинин алдын алынганын Жаза аткаруу кызматынан 6-мартта билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-декабрда адам уурдоо менен айыпталган 38 жаштагы жаран Ош ОИИБдин убактылуу кармоочу жайынан которулган. 13-декабрда ал ачкачылык жарыялаган. Анын айтымында, кармоо учурунда укук коргоо кызматкерлери ага карата физикалык күч колдонушкан жана ага коюлган айыптардын баары негизсиз. ЖАК анын бир нече жолу тамактан баш тарканын билдирди.

2-мартта түнкү саат 23:00 чамасында шектүү адам камерада өз жанын кыюуга аракет кылган, бирок аны нөөмөтчү өз убагында байкап, керектүү медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүгө жетишкен. Учурда абактагы адам ачкачылык акциясын улантууда.