
Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.
Жер титирөө күн мурун, 1-мартта саат 17:50дө катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Аксы районунун Кызыл-Жар, Жыл-Коо айылдарында 3 баллга чейин, Аксы районунун Кум, Таш-Көмүр шаарынын Теңдик айылдарында, Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар катталган жок.