“Келбеген үч студентке диплом берилген”: Таластагы кесиптик лицейдин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Таластагы №51 кесиптик лицейдин кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Манас райондук прокуратурасы тарабынан №51 кесиптик лицейинде текшерүү жүргүзүлүп, аталган лицейдин кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкандыгы аныкталган.

 «Лицейдин жооптуу кызмат адамдары 2021-2022-окуу жылына карата Кыргызстандын аймагында болбогон абитуриентти кабыл алышкан. Ошондой эле, сабакка катышуу табелдерине жалган маалыматтар киргизилгендиги аныкталып, окууга келбеген 3 студентке орто кесиптик билим тууралуу диплом берилген», — деп айтылат маалыматта.