
Бүгүн, 2-мартта Бишкектеги Ак-Жар, Ак-Бата, Келечек конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 2-мартта турак үй, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо объекттери жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде суу болбойт.
Суу «Ак-Жар», «Ак-Бата» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жарандардан, уюмдардан ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусун суранат.