
Бишкекте бүгүн, 1-мартта таңкы саат 06:30да Юнусалиев жана Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус жана Honda Fit автоунаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын эки жүргүнчүсү жабыркаган: 2002-жылы туулган К.А. жана 2001-жылы туулган У.И.
Алдын ала маалыматка ылайык, Honda Fit автоунаасынын 1987-жылы туулган айдоочусу жол эрежесин бузган.
Учурда эки транспорт тең айып короосуна токтотулган.