Баткенде 9,8 гектар жер менчикке мыйзамсыз берилип кеткен

Баткен облусунун Кадамжай районунда баасы 9,8 га жер жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кадамжай филиалынын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан фактысы аныкталган.

«Алар өзүнүн жана башка бирөөнүн кызыкчылыгын көздөп 9,8101 га мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги 34 млн 600 миң сомдук жер тилкелерин мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берип жиберишкен», — деп айтылат маалыматта.