Түркияда кайрадан жер титирөө: 3 адам каза болду

Түркияда кайрадан жер титирөөдөн 3 адам кайтыш болуп, 213 адам жаракат алды.

Түркиянын түштүк-чыгышындагы Хатай провинциясында катталган жердин силкинүүсү 6.4 баллды түзгөн.

Учурда үч аймакта куткаруучулар иштеп жатышат. Аймактагы Дефне жана Самандаг райондорунда дагы жер титирөө катталган.

Мындан тышкары жердин силкинүүсү Ливан, Сирия, Кипр жана Израиль өлкөлөрүндө да катталган. Европалык сейсмологиялык борбордун маалыматына караганда 6.3 баллдык жер силкинүү Сирия менен Түркиянын чек арасындагы Искендерун шаарында катталган. Кеминде 5 адам мерт кетип, 500гө жакын адам жаракат алышкан. Имараттар кыйраган. Биринчи силкинүүнүн очогу 16.7 км.тереңдиктен сезилсе, экинчи силкинүү 7км.тереңдиктен билинген.

Аталган аймактарда куткаруу иштери жүрүп жатат.