УКМК: Жалал-Абадда 5 тургун «Хизбут-Тахрир» уюмунан баш тартты

  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргызстандагы диний-экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрүнөн баш тартуу боюнча иш-чаралар улантылууда. 
  "Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын жарандары Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары аталган: 1972-жылы туулган Ю.А.К., 1974-жылы туулган Ч.Х.Т., 1975-жылы туулган М.Р.И., 1976-жылы туулган К.М.М., жана 1994-жылы туулган П.С.А. экстремисттик идеологиядан баш тартышкан. Бул адамдар мурда “Хизбут-Тахрир” РСОнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан", - деп айтылат маалыматта.
  Жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алышып, жарандарды «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырып, Кыргызстандын аймагында аталган уюмдун ишмердүүлүгүнө жол берилбестигин билдиришти.
      Азыркы учурда КР УКМК тарабынан тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун кылмыштуу аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле катарына жаңы мүчөлөрдү тартуунун алдын алуу боюнча иш-чаралары улантылууда. 
WhatsApp Image 2023 02 20 at 08.48.36 УКМК: Жалал-Абадда 5 тургун «Хизбут-Тахрир» уюмунан баш тартты
WhatsApp Image 2023 02 20 at 08.48.37 УКМК: Жалал-Абадда 5 тургун «Хизбут-Тахрир» уюмунан баш тартты
WhatsApp Image 2023 02 20 at 08.48.37 1 УКМК: Жалал-Абадда 5 тургун «Хизбут-Тахрир» уюмунан баш тартты
WhatsApp Image 2023 02 20 at 08.48.36 1 УКМК: Жалал-Абадда 5 тургун «Хизбут-Тахрир» уюмунан баш тартты
WhatsApp Image 2023 02 20 at 08.48.38 УКМК: Жалал-Абадда 5 тургун «Хизбут-Тахрир» уюмунан баш тартты