
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, аталган жолдун 166-чакырымында 20-февралга караган түнү саат 02:00до кар көчкү түшкөн. Ал саат 3:15те тазаланып, жолдун бир тилкеси ачылган.
Болжол менен кар көчкүнүн көлөмү 4 миң м3 түзгөн.
Аталган жолдун Талдык, Тоң-Мурун ашууларында кар күрткүсү байкалууда.