
Учурда Кыргызстандын 1077 жараны Россиянын аймагындагы абактарда камалып отурат. Бул маалыматты тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 20- февралдагы отурумунда билдирди.
Депутат Шайлообек Атазов (Свердлов округу) камактагы жарандардын арасында кокусунан же күнөөсүз сот жообуна тартылган жарандар бар экенин белгиледи.
Депутатка жооп узаткан министр: «Бул багыттагы иштер жүргүзүлүп жатат. Былтыр 33 жаран экстрадицияланды. Сиздин маалыматыңыз туурадыр, андайлар дагы бар», – деди.